reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык бала бар

Son Güncelleme :

01 июня 2023 - 14:35

reklam
Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык бала бар
reklam

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата сандар менен фактыларды жарыялады.
Кыргызстанда 2022-жылдагы калкты жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы боюнча 18 жашка чейинки 2 миллион 634 миң бала болсо, анын жарымынан көбү же 51 пайызы эркек балдар.
Балдардын жалпы санынан 43 пайызы 7 жашка чейинки балдар 1 миллион 128 миң.
44 пайызы 7-14 жаштагылар 1 миллион 161 миң.
13 пайызы 15-17 жаштагы өспүрүмдөр 343 миң.
Балдардын басымдуу көпчүлүгү 71 пайызы айыл жеринде жашашат.
Жайдын биринчи күнүнө туш келген Балдар күнү 1950-жылдан бери дүйнө жүзүндө белгиленип келет. Ал коомдун баланын укуктарын, өмүрүн жана ден соолугун коргоо зарылдыгын эскертет.

reklam