Кыргызстанда АКШ долларынын курсу төмөндөөдө

КР Улуттук банкы доллардын расмий курсун 88,93 сом деп белгиледи. Ал эми  коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу  89,53 сомду түзүүдө.

Мындан мурда октябрь айында доллардын курсу 90 сомго чейин жеткен. Анда Улуттук банк доллардын курсунун өсүүсүн сезондук факторго байланыштырган.

Бөлүшүү: