Кылмыштуу топторду кармоо уланууда: 100дөн ашык адам кармалды

Автор

Өзбекстандын бир катар облустарында кылмыштуу топторду аныктоо боюнча кеңири масштабдагы рейддердин алкагында кылмышка шектелген 100дөн ашык адам кармалды. Аларга карата 137 (Адам уурдоо), 164 (Каракчылык), 168 (Алдамчылык), 276 (Баңгизаттарды мыйзамсыз алуу жана сактоо), 251 (Күчтүү же уулуу заттарды мыйзамсыз сактоо) жана 248 (Мыйзамсыз жүгүртүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Өзбекстанда декабрь айынын башынан бери өлкөдө криминалдык абалды жакшыртуу жана кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында масштабдуу ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Америка Кубогу -2024: Мессинин атаандаштары аталды

Америка Кубогунун 2024-жылдагы чүчүкулак таштоо аземи АКШнын Майами шаарында болуп, анын жыйынтыгы боюнча лидер Лионель Месси баштаган Аргентина курама командасы А группасында ойнойт. КОНКАКАФтын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Америка Кубогунун учурдагы чемпиондору А тайпасына кирип, аларга Перу, Чили жана Канада-Тринидад жана Тобаго беттешинин жеңүүчүсү кошулат. Калган үч тайпада командалар […]

Сизге жагышы мүмкүн