Курулуш компанияларынын кара тизмеси түзүлөт

Wp Pw

Кыргызстандагы курулуш компанияларынын кара тизмесин түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте курулуш компаниялары тууралуу маалыматты камтыган реестр түзүлөт.

“Үй алууну каалаган жарандар так маалыматты ошол реестрден ала алат. Кайсы курулуш компания реестрге кирген болсо ал тартиптүү, карызы жок, эч кимди алдаган эмес, сот процесстери жок дегенди түшүндүрөт”, — деди Төрөбаев.

Next Post

Түндүк Кореянын ракетасынан улам Япония эвакуация жарыялады

Япон өкмөтү түндүктөгү Хоккайдо аралынын тургундарын тезинен эвакуациялоого чакырды. Ракета деңизге түшкөндөн кийин эвакуация сигналы өчүрүлгөн. Япониянын премьер-министри Фумио Кишиданын айтымында, Түндүк Кореянын ракетасы өлкөнүн аймактык сууларынан тышкары жерге түшкөн. Түштүк Кореянын биргелешкен штаб төрагалары Түндүк Кореянын бүгүн эртең менен учурган орто жана узак аралыкка учуучу баллистикалык ракетасынын деңизге кулаганга […]