Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев курулуш компанияларынын жетекчилери менен жыйналыш өткөрүп, тармакка тийешелүү көйгөйлөрдү талкуулады. Жыйналышта белгилүү болгондой, мындан ары курулушу бүтпөгөн имараттар сатыкка коюлбайт. Буга батир алуу үчүн каражат төлөгөн жарандардын үйлөрүн ала албай калган учурлары себеп болгон. Учурда “Көп кабаттуу турак жайларды үлүштүк куруу жөнүндө” жобо даярдалып жатканы белгилүү болду.
Учурда Төө-Ашуудагы тоннель жабылып турат
Бей Мар 16 , 2023
Учурда Төө-Ашуудагы тоннель жабылып турат. ӨКМ кар көчкүнүн алдын алуу боюнча карларды аттырып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Тоннелдин жабылганына 1 саат болду, 200 дөй машине күтүп турат. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/431ed2cc-d174-46ba-9fbf-688b1a4d30d5.jpg)