Космостук калдык маселеси кайрадан көтөрүлдү

Автор

Окумуштуулар космостук калдыктар менен күрөшүү боюнча эл аралык келишимди иштеп чыгууну жана кол коюуну сунушташканын Gismeteo жазды.
Илимдин ар түрдүү тармактарынын көп сандаган адистер кол койгон кайрылууда космостук калдыктар маселеси ондогон жылдар бою талкууланып келери баса белгиленген. Ошол эле учурда, беш жыл мурда Жердин орбитасында 2 миңден бир аз ашык спутник болгон. Учурда 9 миң спутник бар, 2030-жылга чейин бул сан 60 миңге чейин өсүшү мүмкүн.
100 триллионго жакын фрагмент жана ар кандай аппараттар өтө чоң ылдамдыкта Жерди айланып жүрөт.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонд мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлдү

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлөт.   Бул чара мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик […]

Сизге жагышы мүмкүн