Килиан Мбаппе Франция курама командасынын жаңы капитаны болду

Автор

“Пари Сен-Жермен” (ПСЖ) клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе машыктыруучулар штабы тарабынан Франциянын футбол боюнча курама командасынын жаңы капитаны болуп дайындалды. Бул тууралуу L’Equipe гезити жазып чыкты.

Килиан Мбаппе 24 жашта. Ал Франция курамасында 2017-жылдан бери ойноп келет. Анын эсебинде 66 матч жана 36 гол. Чабуулчунун улуттук кураманын жаңы капитаны боло аларын буга чейин бул команданын башкы машыктыруучусу айткан.

Мбаппеге чейин бул кызматты дарбазачы Уго Льорис ээлеп турган. Ал дүйнөлүк чемпионаттын финалында Аргентина менен болгон беттеште улуттук курама команда утулгандан кийин карьерасын аяктаарын жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров  кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   “Урматтуу мекендештер!   Кадырлуу мусулман агайындар!   Ыйык Орозо айынын кириши менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктаймын!   Орозо айы – таң заардан күн батканга чейин оозду бек кармап, наар алуудан тыйылуу гана эмес, барга […]

Сизге жагышы мүмкүн