Кесиптик кошуундар бирлигинин айрым кызматкерлери кылтакка илинди

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын жана президенттин тапшырмасына ылайык профсоюздар федерациясынын айрым кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу  УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы кесиптик кошуундар кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу үйү жайгашкан 2,34га жер тилкесин кесиптик кошуундардын  менчигинен өз билемдик менен чыгарып, аны Камчы Көлбаевдин аффилияцияланган адамдарына сатып жиберишкен.

Ошондой эле “Имидж Строй” ЖЧКсы (К.Асанбектин аффилияцияланган фирмасы) тарабынан “Каганат” коттедж комплекси салынган.

“Жогорудагы кылмыштуу аракеттердин натыйжасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк уюшкан кылмыштуу топтун лидери Асанбектин жакын адамдарына гана VIP коттедждерди куруу үчүн пайдаланылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 28-ноябрда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, Машина куруу жана башка тармактардын жумушчуларынын профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасынын орун басары, Токой чарба кызматкерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн мурдагы директору кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Кыргызстан Кесиптер кошуунунун мыйзамсыз алынган мүлкүн аныктоо жана кайтаруу иш чаралары жүрүп жатканы белгилүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил Газага калкты кайтарууну карап жатат

Израилдик жана америкалык аткаминерлер анклавдын түштүгүнө качууга аргасыз болгон жарандарды Израил армиясы ал жерде согуша баштаса, кантип коргоону талкуулашууда. Америкалык жана Израилдин расмий өкүлдөрү активдүү талкуулап жаткан көптөгөн варианттардын арасында согуштун башталышында түштүккө кеткен жарандардын ал жактагы аскердик операциялар аяктагандан кийин кайра түндүккө көчүрүү жагы каралууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн