Франциялык химик Антуан Лоран Лавуазье революциялык кыймыл тарабынан камакка алынып, өлүм жазасы берилгенде 51 жашына келген эле. Сот ага башын кыя чабуу өкүмүн чыгарат. Эртеси башын алуу учурунда токтоолук менен китеп окуп жаткан болот. Бир аздан китептин барагынын четин бүктөп, математикчи досу Жозеф Луи Лагранжды жанына чакырат.
– “Башым себетке түшкөндө көздөрүмө баам сал. Эгер эки жолу карегимди ирмесем анда, инсан мээси башы алынгандан кийин да бир канча убакыт иштеп турганы далилденет”,- дейт.
Миздүү кылыч атактуу химиктин башын кыя чабат, баш себетке томолонот, эки жолу кареги ирмелет.
Математикчи Жозеф Луи Лагранж бул окуядан кийин “анын акыркы секунттагы илимий далили келечек муун үчүн өчпөс жарык болуп калды”,- деп жазды.