Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен америкалык журналист Такер Карлсондун маегин X социалдык тармагында 2 миллион адам көрдү. «Жакты» белгисин 27 миң колдонуучу койду. Алгачкы жарым сааттын ичинде эле маекти 412 миң адам көргөн.
Дүйнө
Өзбекстанда жапырт камакка алуу башталды
Өзбекстанда ири чиновниктер өткөн жумада Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Дониер Ташхожаев камакка алынса, көп өтпөй эле Президенттин коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Шухрат Расулов кармалып, ал эми Коопсуздук кызматынын айрым мүчөлөрү кызматтан алынышты. Шухрат Ташхожаев президенттин администрациясынын мурдагы кызматкери Комил Алламжоновго кол салуу уюштургандардын бири катары эсептелген […]
Козголоңчулар дагы бир шаарды ээлешти
“Хайят Тахрир аш-Шам” исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар Сириянын төртүнчү чоң шаары делген Хама шаарын ээлеп алышты. “Мындан кийинки кадам Тартус жана Латакия шаары. Андан ары Дамаскты каратабыз”,- деп билдирди козголоңчулардын лидери. Ал эми Башар Асаддын өкмөттүк армиясы жай тургундардын өмүрлөрүн сактап калуу жана согушка жол бербөө максатын көздөп Хама шаарын […]
Токаев Трамп менен сүйлөштү
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Акордонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Токаев Трампты АКШ президенти болуп шайланышы менен куттуктады. «Саясатчылар соода, инвестиция жана өзөктүк куралды жайылтпоонун алкагында стратегиялык өнөктөштүктү интенсивдүү өнүктүрүүгө өз ара берилгендигин тастыкташты»,-деп айтылат маалыматта. Ошондой эле Токаев Казакстандын […]
Макрон Франция өкмөтүн отставкага кетирди
Франциянын президенти Эммануэль Макрон премьер-министр Мишель Барньенин өкмөттү отставкага кетирүү тууралуу арызын кабыл алды. Парламенттин ишеним көрсөтпөө вотумунан кийин өкмөт отставкага кетти. Бул учурдагы Франциянын тарыхында биринчи жолу премьер-министр өз кызматында болгону үч ай гана иштеди. «Бүгүн премьер-министр республика президентинин атына өз өкмөтүн отставкага кетирүү тууралуу арыз берди. Аны президент […]
Сириялык козголоңчулар Хаманы басып алышты
Сириялык козголоңчулар бейшемби күнү Хама шаарына киргенин билдиришти. Президент Башар Асаддын өкмөттүк аскерлери катуу кагылышуулардан кийин негизги шаардан чегингенин билдиришти. Өткөн жумада козголоңчулар өлкөнүн эң ири шаары Алеппону басып алышкан жана ошол учурдан бери Идлиб провинциясындагы өзүнүн аймагынан Дамаскка түштүктү карай жылып баратышат. Хама 2011-жылы Башар Асадга каршы нааразычылык акциялары […]