Катар менен Кыргызстан 13 документке кол коюшту

Автор

Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад аль Тани мырзанын Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда 13 документке кол коюлду.
Алар кайсылар?

1. Эки өлкөнүн маданий борборлорун түзүү

2. Аскердик кызматта макулдашууларга кол коюлду

3. Саламаттыкты сактоо жана илим чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашылды

4. Бажы кызматтарын оптималдуу колдонуу жана бажылык тартип бузууларга жана ага каршы күрөшүү максатында өз ара административдик жардам жөнүндө макулдашууга жетишилди

5. Ветеринария тармагында макулдашуулар иш ашты

6. Спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара меморандумга кол коюлду

7. Катар мамлекетинин адилет министрлиги менен Кыргызстандын адилет министрлиги укуктук чөйрөдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумга кол коюшту

8. Айыл чарба министрлиги менен Катар мамлекетинин муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантин жаатында макулдашууга кол коюлду

9. Айыл чарба жана азык түлүк коопсуздугу багытында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

10. Финансы министрлиги менен Катар мамлекетинин финансы министрлиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

11. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Катар мамлекетинин ички иштер министрлигинин ортосунда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Катар мамлекетинин Улуттук банкынын ортосунда борбордук банктардын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду

13. И. Абдираимов атындагы кыргыз авиациялык институту менен Катар мамлекетинин авиациялык колледжи ортосунда адистерди даярдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жаатында меморандумга кол коюлду.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО түзүлгөндөн берки эң чоң аба машыгууга даярданууда

12-23-июнь күндөрү өтө турган Air Defender 2023 машыгуусуна 10 миңден ашык аскер жана 250дөн ашуун согуштук учактын катышуусу пландалууда. АКШ аба күчтөрүнөн болжол менен 110 учак Атлантика океанынын аркы өйүзүнөн Европага келет. НАТОнун Европадагы өлкөлөрүнөн 80 учактын жана эл аралык өнөктөштөрдөн 60 учактын катышуусу күтүлүүдө. Күнүнө орто эсеп менен 250 […]

Сизге жагышы мүмкүн