“Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол оңдолот

Автор

“Каракол” тоо лыжа базасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолду изилдөө иштери аяктагандан кийин тротуар жана веложол куруу иштери да кошо жасалары айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү бийликтин карамагында туруп, 2023-жылы министрликтин балансына өткөрүлүп берилген соң шагыл жол түздөлүп, тегизделип жана кышында кардан тазаланып турду.
Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл бурууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Ашкере болчу иштер алдыдабы?

Белгилүү журналист Канышай Мамыркулова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевден “Раим Матраимовдон колдоо алгансызбы”,- деп сурады. Ошондой эле депутат Элдар Сулайманов боюнча да маалымат калтырып, “Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов дагы Раимге карыз, “Эльдорадо” ушунун атынан коюлган экен, давай, акчаны кайтар, тышкы карызга төлөйбүз”,- деп жазган. Белгилүү журналисттин мындай пикири коомчулукта […]

Сизге жагышы мүмкүн