reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

«Каракол» аэропортунун жетекчилигине иш козголду

Son Güncelleme :

18 мая 2023 - 15:14

reklam
«Каракол» аэропортунун жетекчилигине иш козголду
reklam

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Каракол» аэропортунун кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, баалуу металлдарды чыгарып алган адамдарга мыйзамсыз сатып жибергендиги аныкталган.

 

Ошентип, көрүлгөн чаралардын жана уруксат берилген издөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Каракол шаарында алтынды аффинаждоочу жер астындагы лаборатория табылган, кийин ал тиешелүү профилдеги экспертизанын корутундусу менен тастыкталган.

 

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

reklam