reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.123.384 % 1.037
Соңку кабар
reklam
Google News

Камчы Көлбаевдин кымбат баалуу унаалары аукционго коюлду

Son Güncelleme :

21 ноября 2023 - 14:53

reklam
Камчы Көлбаевдин кымбат баалуу унаалары аукционго коюлду
reklam

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жарандарды автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча электрондук аукционго катышууга чакырат. Бул тууралуу 21-ноябрда Мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул унаалардын ээси министрлер кабинети экени белгиленген. Сатып алуу сом менен жүргүзүлөт.

Электрондук аукцион auctionetp.gov.kg. электрондук соода аянтчасында жүргүзүлөт. Арыздар 20-ноябрь саат 10:00дөн тарта кабыл алына баштаган. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 11-декабрь саат 10:00.

Электрондук аукцион 11-декабрда саат 12:00дө башталат.

Мамлекеттик агенттик бул унаалар Камчы Көлбаевдин конфискацияланган мүлкүнүн бир бөлүгү экенин билдирди.

 

Аукционго коюлган транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар:

 

  1. BMW ALPINA XB7, 2021, кузов № WAPBG0700NPM50140

 

— Баштапкы наркы — 18 000 000 сом ($201 979,85)

 

— Электрондук аукциондун кадамы – 30 000 сом

 

  1. HYUNDAI GENESIS, 2019, кузов № KMHG141DDKU068624

 

— Баштапкы наркы — 2 800 000 сом (31 419,09 доллар)

 

— Электрондук аукциондун кадамы – 20 000 сом

 

  1. KIA RIO X-LINE, 2019, кузов № Z94C351BBLR084890

 

— Баштапкы наркы — 1 150 000 сом (12 904,27 доллар)

 

— Электрондук аукциондун кадамы – 10 000 (он миң) сом

 

  1. MERCEDEC-BENZ S600, 2017, кузов № WDD2229761A323124

 

— Баштапкы наркы — 25 500 000 сом ($286 138,12)

 

— Электрондук аукциондун кадамы – 30 000 сом

 

  1. MERCEDEC-BENZ G500, 2013, кузов № WDB4632361X205250

 

— Баштапкы наркы — 5 400 000 сом ($60 593,96)

 

— Электрондук аукциондун кадамы – 20 000 сом

 

  1. TOYOTA LAND CRUISER PRADO, 2005-ж., кузов № JTEBZ29JB00060139

 

— Баштапкы наркы — 1 250 000 сом ($14 026,38)

 

— Электрондук аукциондун кадамы – 10 000 сом

reklam