Камчыбек Ташиев чек арачыларга жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды

Автор

Бүгүн, 14-июнда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачылар үчүн курулган жаңы турак-үйдүн ачкычтарын тапшырды. Эки кабаттуу турак-жайда 20 батир болуп, жашоо үчүн заманбап шарттар камсыздалган. Бул турак-жайда чек арачылар үй-бүлөлөрү менен жашайт. Балдар ойноочу аянтча, спорт залы, футбол аянтчасы жана башка тийиштүү шарттардын баары каралган.

Ачылуу аземине чек ара кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнун жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, мамлекет жетекчилиги тарабынан кыргыз армиясы үчүн, анын ичинде чек ара кызматын күчтөндүрүү, заманбап курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыз кылуу, аскерлердин кызматтык жана жашоо шартын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан олуттуу жумуштар тууралуу кыскача айтып өттү. Мындан ары да Кыргыз Республикасынын ар тараптуу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык тийиштүү аракеттерди көрүү улантылаарын баса белгиледи. Шарттарды түзүү менен аскер кызматкерлерине талаптар да күчөтүлгөнун, өлкө чек арасынын бүтүндүгүн камсыз кылууда ар бир аскер кызматкери коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү экенин эскертти.

Бөлүшүү:
Next Post

Акыйкатчынын орун басарлары шайланды

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчынын орун басарлыгына Айчүрөк Назаралиева менен Шухрат Айтиев шайланды.  Андан соң Назаралиев менен Айтиев ант беришти. Белгилүү болгондой, Айчүрөк Назаралиева 1975-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридика факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. Буга чейин мугалим, жактоочу, аны менен бирге парламенттин […]

Сизге жагышы мүмкүн