Кайсы таттуулар ден соолукка пайдалуу?

Автор

Баардык эле таттуу азыктар биздин ден соолугубуздун жана келбетибиздин душманы болуп эсептелбейт. Көпчүлүк айымдар таттуулар ден соолукка зыян, анан калса ашыкча салмак  кошууга алып келет деп ар бир жеген торттон, пирожныйдан кийин өздөрүн жаман сезишет. Бирок бир аз өлчөмдө жеген учурда организмге пайда гана алып келе турган таттуу азыктар бар. Адамдын организмине өзгөчө пайда алып келе турган таттуу бул-шоколад. Бул азык серотонинди курамына камтуу менен “бакыт гормонун” камтыган заттарды алдына чыгарбайт.

Шоколад эң мыкты табигый антидепресант болуп саналат. Анын керектүү дозасы депрессия  менен хандра болууну алдына алат. Бул үчүн шоколаддын тактасынын бир эки сыныгын гана жеген жетиштүү. Антпегенде бир-эки такта шоколад 1500-2000 килокалорийди камтыгандыктан, адамдын күнүмдүк нормасы ушуну менен эле толуп калат.

Кийинки пайдалуу таттуу азыктар-кургатылган жемиштер. Алардын эч кандай туура эмес жактары жок. Кургатылган жемиштерде витаминдер, пектиндер, антиоксиданттар жана башка пайдалуу азыктар бар. Ошол эле маалда кургатылган жемиштерде кант жок, анын ордун фруктоза  жана глюкоза толуктайт. Алардын эң эле начар жери жогорку калорияга ээ экендигинде.

 

Зыянга караганда көбүрөөк пайда алып келген кийинки азык бул-бал. Балдын калориясы канттыкындай болгону менен анда пайдалуу витаминдер менен микроэлементтер көп. Бирок  бал  эң күчтүү аллерген болуп саналгандыктан, аны көп колдонууга болбойт. Күнүмдүк доза 1-2 чай кашыктан ашпоого тийиш.

 

Булардан тышкары мармелад, пастила жана зефир пайдалуу таттуулардын катарын толуктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

С-400 зениттик-ракеталык комплекси Беларуссияга келди

Россия Беларуссияга С-400 зениттик-ракеталык комплекстеринин кезектеги топтомун жеткирди. Беларуссиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жакынкы арада комплекс күжүрмөн кызматты аткарат. Абадан коргонуу системаларын жеткирүү эки өлкөнүн ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында ишке ашырылды. Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко 2022-жылдын декабрында россиялык С-400 жана Искандер ракеталык комплекстери ишке киргизилерин жарыялады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн