Ишкерлерге жаңы ККМ аппараттар бекер берилүүдө

Автор

Мамлекеттик салык кызматы гибриддик контролдук-кассалык машиналарды ишкерлерге акысыз бере баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ар кандай себептерден улам өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында кассалык машиналарды чыгаруу этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бардыгы болуп 32 миң кассалык аппаратты чыгаруу пландалууда.
“Контролдук-кассалык машинаны алуу үчүн ишкерлер салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылышы керек”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Ирандын президенти түшкөн тик учак жардырылганы тууралуу божомол четке кагылды

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өлкөнүн президенти Ибрагим Раиси түшкөн тик учактын кыйрашын иликтөө боюнча экинчи отчетун берди. Анда диверсия же атайын бузуу аракеттеринен улам кыйраганы жөнүндөгү версия четке кагылды. Жардырылганы тууралуу маалымат тик учактын сыныктарын жана бөлүктөрүн экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы менен жокко чыгарылды. Учкучтардын сүйлөшүүлөрүн текшерүү учурунда өзгөчө кырдаалдын […]

Сизге жагышы мүмкүн