Израил менен Хамастын ортосунда убактылуу жарашуу башталды

Автор

Бүгүн, 24-ноябрда Израил менен Хамас төрт күндүк убактылуу тынчтык келишими башталды. Согушкерлер барымтадагы 13 израилдиктин биринчи тобун – аялдар менен балдарды бошоткону жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды.

Маалыматка ылайык, элдешүү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7де (Бишкек убактысы11:00) башталып, Газа тилкесинин түндүгүндө жана түштүгүндө кеңири ок атышууну токтотууга, андан кийин барымтадагы 240тан ашуун адамдын айрымдарын бошотууга чакырат.

Газага кошумча жардам келе баштайт жана жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00дө (Бишкек убактысы боюнча 20:00) алгачкы барымтадагылар, анын ичинде аялдар бошотулат. Төрт күндүн ичинде алардын саны 50гө жетет, деп билдирди Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мажед ал-Ансари Дохада.

Барымтага алынгандардын кеминде 35и балдар, алардын 18и Хамас чабуулу маалында 10 жашта же андан кичүү балдар болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда "өзгөчө" датада 200гө жакын түгөй баш кошту

Кыргызстанда 23.11.23 сандарын камтыган “өзгөчө” датада 193 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Бишкек шаарында жалпы 37 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, анын ичинде 21 салтанат Бакыт үйүндө өткөн. Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 5 салтанат өттү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн