Израилдин президенти Исхак Герцог жума күнү Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен Дубайда БУУнун климат боюнча конференциясынын алкагындагы тарыхый жолугушуусунда кол алышып учурашышты. Израилдин президенти менен Катардын эмири ортосунда «узак сүйлөшүү болду».
Жолугушуу Катардын Газа тилкесинде Израил менен ХАМАСтын ортосунда ок атышпоо жана барымтадагыларды кайтаруу боюнча ортомчулук аракеттеринин алкагында өттү.
2-декабрга карата аба ырайы
Жум Дек 1 , 2023
Эртең, 2-декабрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14, Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7, […]