Зеленский Украина унутта калганын айтты

Автор

Президент Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы окуялардан улам Украина унутта калганын айтты. Бул тууралуу ал Киевде чет элдик басылмаларга берген интервьюсунда билдирди.
«Бүгүн баары Жакынкы Чыгыштагы окуялардан улам Украинаны унутуп коюшту. Мен Россия Федерациясы дал ушул нерсеге жетишүүгө аракет кылган деп эсептейм жана алар каалаган натыйжага жетишти деп өкүнүч менен айтам»,-деди Зеленский.
Президенттин айтымында, Москва менен ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр орус аскерлери Украинанын аймагынан толук чыгып кеткенден кийин гана башталышы мүмкүн.
Зеленский Украина аскердик жактан кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканын мойнуна алды. Анын айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү керектүү куралдар менен толук камсыз боло элек. Абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналдунун карьерасындагы эң мыкты голдору аныкталды

Британиялык “FourFourTwo” журналы португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун бир нече жылдар ичинде киргизген керемет голдорунун тизмесин сунуштады. Бардыгы болуп 34, бирок бул жерде алдыңкы бешөө:   Ювентус – Реал Мадрид (2018) Бул Чемпиондор Лигасынын 2017/2018-жылкы 1/4 финалынын беттеши болду. Порту – Манчестер Юнайтед (2009) Бул 2008/2009-жылкы Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын жооптук […]

Сизге жагышы мүмкүн