Зеленский суу каптаган Херсонго барды

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Херсонго келгенин билдирди. Ал жерде Каховка ГЭСинин кыйроосунун кесепеттерин жоюу боюнча координациялык кеңешме өткөрдү.
«Көптөгөн орчундуу маселелер бар. Кырсыктын кесепетинен облуста түзүлгөн оперативдүү кырдаал, сел жүрүү коркунучу бар аймактардан калкты эвакуациялоо, дамбанын жарылуусунан келип чыккан өзгөчө кырдаалды жоюу»,-деп жазды Зеленский Telegram баракчасына.
“Херсон облусунун экосистемасын калыбына келтирүү перспективалары, ошондой эле кырсык болгон аймактагы оперативдүү аскердик абал талкууланды. Жоготууларды эсептеп, кырсыктан жапа чеккен тургундарга компенсация төлөп берүү үчүн каражат бөлүү, облустун чегинде ишканаларды көчүрүү программасын иштеп чыгуу маанилүү»,-деп кошумчалады ал.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Алтын унцийи үч күндөн бери кымбаттоодо

Улуттук банктын алтын унцийи үч күндөн бери кымбаттоодо. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды. Маалыматка ылайык, Улуттук банктын алтындын өлчөнгөн куймаларын сатуу баасы бүгүн, 9-июнда 177 миң 763 сомду түздү. Бир күн мурда алтын куйма калктан 177 миң 600 сомго сатылып алынган, бул азыркыдан 163 сомго (1,86 доллар) арзан. Белгилеп […]

Сизге жагышы мүмкүн