Зеленский Британиянын министри менен тынчтык формуласын талкуулады

Автор

Владимир Зеленский дүйшөмбү күнү Киевде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли менен жолугушуп, тараптар жаңжалды жөнгө салуу боюнча украиналык “тынчтык формуласын”, ошондой эле Украинанын Түндүк Атлантикалык альянстын алдыдагы саммитинен күтүүлгөндөрдү талкуулашты.
Жеймс Клеверли дүйшөмбү күнү күтүүсүз сапар менен Киевге келди.
“Жолугушуунун жүрүшүндө Украинанын НАТОнун Вильнюс саммитинен күтүүсү боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Украинанын тынчтык формуласын алдыга жылдыруу жана аны ишке ашыруу үчүн глобалдык саммитти даярдоо маселеси көтөрүлдү.
Зеленскийдин айтымында, Украина үчүн НАТОго мүчөлүктүн келечеги тууралуу так белги алуу маанилүү, анткени бул чечим армия үчүн түрткү берүүчү фактор болуп саналат. Зеленский Улуу Британиянын Украинага Storm Shadow ракеталарын өткөрүп берүү жана украиналык учкучтарды окутуу боюнча кабыл алган чечимдеринин, ошондой эле абадан коргонуу боюнча «Патриот коалициясын» түзүү боюнча талкуулардын башталышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 5-июнга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.4 сом  болсо, сатуу  87.8 сом  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 48 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн