Зеленский Бахмуттан эмне үчүн баш тарта албасын айтты

Автор

Президент Владимир Зеленский Украина Бахмутту кармап туруудан баш тарта албасын, анын колго түшүрүлүшү Россиянын Краматорск менен Славянскта илгерилешине жол ачарын деп билдирди. Украин президенти “Al Arabiya” телеканалына берген маегинде «Биз Бахмуттан баш тарта албайбыз, анткени ал фронттун кеңейишине, орус аскерлери менен Вагнерге биздин көбүрөөк жерлерди басып алууга мүмкүнчүлүк берет»,-деди ал.
Зеленский маегинде Украина баскынчылардын мизин кайтара аларына ишенимин билдирип, контрчабуулга даярданып жатканын айтты.
«Абалды жакшы деп айта албайм, бирок, биз күрөшүп жатабыз. Биз бир жыл мурдагыга караганда күчтүүбүз»,-деди.
Бахмутта 2022-жылдын жайынан бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызбай Осмоновдун атасы  чын дүйнө салды

Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмоновдун атасы Арапбай аксакал 85 жашында чын дүйнө салды. Ага куран окутуу жана эскерүү иш – чарасы 27-апрель күнү Ала-Тоо ресторанында өтөт. Кыргызбай Осмонов Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын директору. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн