reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9857 % % 0
EURO 31,1701 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.846,31 % % -1,09
ÇEYREK A. 3.018,71 % % -1,09
BITCOIN 1.219.414 % -4.686
Соңку кабар
reklam
Google News

Жогорку Кеңештин төрагасы Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды

Son Güncelleme :

29 марта 2023 - 14:24

reklam
Жогорку Кеңештин төрагасы Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды
reklam

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач төрага Токтогул районуна караштуу Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Бала-Чычкан айылына барып, Айылчы Иманбаев атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

Белгилүү болгондой, аталган билим берүү мекемесинин имараты 1990-жылы курулуп, андан бери эч кандай капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен утурумдук актоо-сырдоо иштери гана жүргүзүлүп келет. Андыктан, жалпы 46 мугалим эмгектенип, 740тан ашык окуучу билим алган мектепти толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, айрыкча жылуулук системасын жаңыртуу негизги талап.

Окуучулар үчүн түзүлгөн шарт-жагдайга токтолгон Нурланбек Шакиев башталгыч класста окуган балдарга ысык тамак берүүдө анын сапатына жана санитардык-гигиеналык талаптарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Муну менен катар төрага Үч-Терек айылындагы №29 Муктар Нургазиев атындагы орто мектептен да кабар алды. Алсак, 1987-жылы ишке берилген аталган мектеп дагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Нурланбек Шакиев аталган мектептерди жаңылоо маселеси кечиктирилбей каралышы керектигин айтып, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө оңдоп-түзөө жумуштарын быйыл баштоо тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, окуучулар менен да баарлашып, аларды терең билим алууга жана окуткан мугалимдерине сый-урмат кылууга үндөдү.

reklam