ЖК төрагасы Шакиев Азербайжанга жөнөп кетти

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасына иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш сапардын алкагында Шакиев Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларга катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Муну менен катар Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын Башкы кеңсесине барып, ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов коштоп жүрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Айдоочусу жок автобустар ишке киргизилет

Дүйнөдөгү биринчи өзүн-өзү башкаруучу автобустар бүгүн Улуу Британиянын жолдоруна чыгат. Жакынкы 2 жылдын ичинде бул унаалар 10 миң жүргүнчүнү ташыры күтүлүүдө. Автобустар 80 км/саат ылдамдыкка жүрө алат. Ичинде күтүлбөгөн жагдайларга кийлигише ала турган айдоочулар болот. 2025-жылы Ослодо, Женевада, ошондой эле Германиянын Кронах шаарында айдоочусу жок кичи автобустардын ишке кириши күтүлүүдө. […]

Сизге жагышы мүмкүн