ЖКнын комитет жыйынында чоң жаңжал чыкты

Автор

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде Балбак Түлөбаев менен Султанбай Абдирашитов айтыша кетишти.
Депутат Султанбай Айжигитов жаңы мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Балбак Түлөбаевди кагып, “бул мыйзам менен силер жерлерди сатып жатасыңар. Мен каршыбыз. Инвестициялык климат дегенди силер туура эмес түшүнөсүңөр, социалдык экономика дегенден түшүнүгүңөр жок”,- деди эле Балбак Түлөбаев “азыркы өлкөнү сатып жатасыңар деген сөзүңүз боюнча мен сотко кайрылам”,- деди.
Экөө эч кимди укпай катуу айтышып жатып, акыры жеке абройуна шек келтирүүгө өтүштү. “Аксакал да эмессиң, көк сакал да эмессиң оозуңа карап сүйлө. Сенден сый да кетти урмат да кетти. Бетиң жок экен, бет деген бетон экен. Сенин каңдай губернатор болгонуңду дагы билебиз”,- десе, Султан Айжигитов болсо, “бардык нерсени сага окшогондор сатат. Былчыйып отурасың, талтайып жүрөсүң, акмак. Колуңдан келгенин кылып ал”,- деп жыйынды таштап чыгып кетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икаясы: Отоо чөптөр жөнүндө

Жаздын бир күнүндө небереси менен чоң атасы бакчадагы отоо чөптөрдү тазалап жүрүшкөн. Бир маалда бала: “Чоң ата, эмне үчүн биз айдабаган чөптөр мынчалык жакшы өсөт, а биздин эгип, айдагандарыбыз болсо биздин карообузга, камкордугубузга муктаж болушат?”, -деп сурады. Анда чоң атасы – “Мына, неберем, өз байкооңдун аркасында сен өзүң үчүн маанилүү […]

Сизге жагышы мүмкүн