Жеңиш күнүнө карата согуш  ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Автор

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөнүүчү 100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүү  тескемесине  кол койду. Бул тууралуу  президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун  68 ардагери жашайт. Алардын ичинен:

12 – Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

35 – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

9- Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармаган жайлардын жашы жете элек туткундарынына;

12 – 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйланган адамдарга, “Блокадалык Ленинграддын жашоочусуна” белгиси менен сыйланган адамдарга берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Күйүүчү майлар 7 сомго чейин арзандады

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эң аз 5 же, 7 сомго арзандады. Мурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 59.50 сом болсо, учурда 52.90 сомго сатылып жатат. Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы таратты. Мекеме жыл башынан бери күйүүчү жана майлоочу майлар 5.3-6.6 сомго чейин арзандаганын билдирди. Учурда өлкөдө күйүүчү майлардын запасы кеңири […]

Сизге жагышы мүмкүн