reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жаңы үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды

Son Güncelleme :

24 апреля 2023 - 9:25

reklam
Жер титирөөдөн жабыркагандарга жаңы үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды
reklam

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган  жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда жеке үйлөрдүн ачкыч тапшыруу аземине катышты.
«6-февралдагы катуу жер титирөөдөн 15 күндөн кийин жаңы үйлөрдүн пайдубалы түптөлдү.  Кырсык болгон аймакта бардыгы болуп 507 миң батир жана 143 миң жеке үй курулат.  Алардын 319 миңи бир жылдын ичинде тапшырылат.   60 миң квартиранын пайдубалы түптөлдү.  Бул иштер уланууда.  Биздин милдет — жер титирөөдөн жабыркаган жарандарды тез арада бардык шарттары бар жаңы заманбап үйлөргө көчүрүү»,-деди президент.
Өлкө башчысы жаңы ээлерине ачкычтарды тапшырып, жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга колдоо ар тараптан уланаарына ишендирди.
Түркиянын түштүгүндө февраль айындагы катуу жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 50 783 адамга жеткени белгилүү болду.
6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен эки жер титирөө болгон.  Кыйратуучу жер титирөө Сирия, Ливан, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилген.

reklam