reklam
reklam
hava 22° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 23,3769 % % 0.5
EURO 25,4404 % % 1.88
GRAM ALTIN 1.477,84 % % 1,85
ÇEYREK A. 2.416,26 % % 1,85
BITCOIN 629.552 % 1.028
Соңку кабар
reklam
Google News

Жер титирөөдөн Афганистанда 2, Пакистанда 9 адам көз жумду

Son Güncelleme :

22 марта 2023 - 10:48

reklam
Жер титирөөдөн Афганистанда 2, Пакистанда 9  адам көз жумду
reklam

Афганистандын түндүк-чыгышында, Пакистандын бир катар шаарларында жер титирөөдөн 11 адам көз жумду.
Табигый кырсыктарды башкаруу министрлиги Афганистандын түндүк-чыгышындагы Лагман аймагында 2 адам көз жумуп, 8 киши жарадар экенин, 20 үй кыйраганын кабарлады.
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагында үйлөр жана башка имараттар урап, 9 адам көз жумганын, 44 киши жараат алганын Пакистандын табигый кырсыктарды башкаруу агенттиги билдирди.
21-мартта Афганистанда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу менен чектешкен Ишкашим шаарынан 50 чакырымдай алыстыкта ​​күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Силкинүүлөр Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда сезилди.

reklam