Жаңы мечитти Хабибулла Абдыкадыр курабы?

Автор

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын түштүк – чыгышына салына турган мечитке капсула салды. Салтанат учурундагы сүрөттөн президенттин жанында жүргөн атактуу уйгур бизнесмени Хабибулла Абдукадырды көрүүгө болот. Ал айтылуу Райымбек Матраимовдун бизнес өнөктөшү экендиги белгилүү. Мындан улам коомчулукта жаңы мечитти Раимбек Матраимовдор куруп жатабы деген бүдөмүк ойлор жаралды. Мечит «Ыйман борбору» деп аталып, 20 миң адамга ылайыкталганы, аны чет элдик инвесторлор кураары, жалпы чыгымы 51 млн долларды түзөөрү айтылууда. Президент жаңы мечиттин курулушуна капсула салгандан кийин дин адамдары менен кыска маектешти. Ал ысырапкорчулукту жоюу боюнча иш алып барууну суранып, “силерди элдер угат. Колунда барлар ысырапка жол берип жатышат. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзбөсөк жакырчылык көбөйүүдө, менин силерден суранычым ушул”,- деди президент.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн компьютердин жанына кактус коюлат?

90-жылдары кактустарды монитордун жанына коюу абдан популярдуу болгон. Бул нерсе азыр да байма-бай колдонулуп келет. Бирок анын мааниси барбы? Кактустар монитордон чыккан радиацияны өзүнө сиңирип, ошону менен колдонуучуну коргойт деп ишенишет. Мындан тышкары, мындан алар дагы тез өсөт. Мунун баары, албетте, мифтен башка эч нерсе эмес. Ошондой эле мониторлор адамга […]

Сизге жагышы мүмкүн