Жапаров климат боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышууда

Автор

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Дубай шаарындагы климат боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммиттине катышууда.

Иш-чара БУУнун  колдоосу астында өткөрүлүүдө. Бул жылы ага 70 миңден ашуун адам катышып, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидерлери да бар. Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

Андан соң Президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментинде улуттук билдирүү жасайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналду "Реал Мадриддин" тарыхындагы эң мыкты футболчусу аталды

“FourFourTwo” журналы  Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналдуну “Реал Мадрид” клубунун тарыхындагы эң мыкты футболчу деп тапты. 38 жаштагы португалиялык 2009-2018-жылдары “Реалдын” курамында ойногон. Анын эсебинде 438 беттеш, 450 гол жана 131 пас берген.   “Реал Мадрид” клубунун  тарыхындагы эң мыкты он оюнчулар төмөнкүдөй:   Криштиану Роналду.   Альфредо Ди […]

Сизге жагышы мүмкүн