Ереван менен Баку бири-бирин Лачин коридорунун аймагында аткылады. Эки тараптан жети адам набыт болгон.
11-апрелде саат 16:20да Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Горис облусунун Дыг конушунда аткылашты.
Тех жана Дыг — Армениянын Горис шаарынан 10 чакырымдай жана таанылбаган Тоолуу Карабак республикасынын борбору 40 чакырымдай алыстыкта, эки шаарды бириктирген жолдун боюнда жайгашкан конуштун армян жана азербайжанча аталыштары.
Армян тараптан төрт аскер каза болуп, алтоо жарадар болгон, азербайжан тараптан үч жоокер жарадар болгон.
Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Шар Апр 12 , 2023
Ысык-Көлдө 11-апрель күнү саат 23:08де очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/04/316282266_513196484186416_1318488092330142338_n-800x445-1.jpg)