Екатеринбургдан Ысык-Көлгө биринчи каттам келди

Автор

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда күн мурун Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча биринчи каттамды суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы бул каттам боюнча жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү үзгүлтүксүз каттам аткарууну максат кылууда.

Биринчи каттам менен Екатеринбургдан 82 жүргүнчү учуп келип, Ысык-Көлдөн 62 жүргүнчү учуп кетти.

«Манас» аэропорту аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинада Беларуссияны агрессор өлкө катары таануу сунушталды

Украинанын Жогорку Радасы Беларусту агрессор өлкө деп таануу боюнча резолюциянын долбоорун каттады. Бул тууралуу украин парламентинин депутаты Ярослав Юрчышин билдирди. Анын пикиринде, мындай кадам “Беларусь режимин жоопкерчиликке тартуу үчүн зарыл. Ошондой эле мыйзамдуу санкциялардын күчүнө киришинин ачык-айкын далили катары зарыл экенин белгиледи. Эки өлкөнүн мамилеси 2020-жылы начарлап кеткен. Анда Украинанын […]

Сизге жагышы мүмкүн