Депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алабы?

Автор

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун карайт.

Парламент 19-апрелдеги жыйынында Акыйкатчынын жылдык отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Мындан улам “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Акыйкатчы тарабынан айрым мыйзамдардын ченемдери аткарылбагандыгын жүйө келтирип, Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 3-майга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 42 тыйындан  болсо, сатуу  87  сом  75 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 52 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн