Гепатит кантип жугат жана сактануу жолдору кандай?

Автор

Гепатит кантип жугат жана сактануу жолдору кандай? Бул соболго атайын адистер жооп беришти.

  • ооруган, жуктуруп алган адамдын каны же биологиялык суюктугу дени соо (туруштук бере албаган) адамдын организмине келип түшкөндө;
  • ийне аркылуу баңгизат колдонуучулардын арасында жалпы шприц жана ийне пайдаланган учурда;
  • стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда, текшерүүдөн өткөрүлбөгөн кан жана анын компоненттерин башка адамга куйганда;
  • устара жана маникюр аспаптарын, тиш щёткаларын чогуу колдонгон учурда;
  • стерилденбеген аспаптар менен татуировка жасоо, ийне саюу, кулакты көзөтүүдө;
  • корголбогон жыныстык катнаш учурунда . Капысынан болгон төшөк байланыштарына барган же жыныстык бир нече өнөктөшү бар адамдарда жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

 

Эске салсак, В жана С гепатитинин энеден балага жугуусу көп кездеше бербейт. Эгерде кош бойлуу аялда вирустун активдүү формасы болсо же кош бойлуулуктун акыркы айларында курч гепатит менен ооруган болсо коркунуч жогорулайт.

Оору кантип билинет?

Оорунун инкубациялык мезгили (жугузган учурдан тартып белгилери билингенге чейинки мезгил) 2 айдан 6 айга чейин созулат. В жана С гепатиттери курч жана өнөкөт формада өтүшү мүмкүн.

Гепатиттин белгилери төмөнкүлөр:

алсыроо, чарчоо;

табиттин жоголушу;

оң жактагы кабырга астынын салмактанышы жана оорутушу;

көңүл айлануу, кусуу;

дене табынын 38°С чейин жогорулашы;

боор жана көк боордун чоңоюшу;

көздүн агынын жана теринин саргайышы;

тамак сиңирүүнүн бузулушу;

заң түсүнүн агарышы;

зааранын күңүрт болушу.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаар бийлиги элге кайрылды

Ош шаарынын вице – мэри Сонунбек Жунусбаев шаардыктарга чукул кайрылуу жасады. “Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун демилгеси менен 3 этаптуу ишибиздин  биринчи этабы ийгиликтүү аяктоо алдында турат.  Биринчи этап деген – бул  Ош шаарында жылына 30 жолу суу өчсө, анын 28 и Озгур айылындагы “Даңги” участкасына байланыштуу болот. Ошол маселени  […]

Сизге жагышы мүмкүн