

Бишкекте жекшемби, 2-апрелде борбор калаанын 145 жылдыгына карата «Велосезон-2023» ачылышы болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталып Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багына чейин уланат.
«Жүрүш саат 09:00дө башталып,10:30да аяктоо пландалууда», — деп айтылат маалыматта.