reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.280.949 % -0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

 Бүгүн Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы  өтөт

Son Güncelleme :

14 июля 2023 - 9:37

reklam
 Бүгүн Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы  өтөт
reklam

Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы  бүгүн, 14-июлда парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйыны учурунда  өтөт.

Расмий маалыматтар боюнча, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05%, Робахон Махмудова 4,43%, Улугбек Иноятов 4,02% жана Абдушукур Хамзаев 3,74% добушун алган.

Мирзиёев 2021-жылдагы ант берүү аземинде Өзбекстанда конституциялык реформа жүргүзүүнү сунуштаган. 2022-жылы июнда ал Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү референдум аркылуу кабыл алууну демилгелеген.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча референдум быйыл 30-апрелде өткөн. Расмий маалыматтарга ылайык, анда шайлоочулардын 90,2% Конституцияны өзгөртүүнү колдосо, 9,35% каршы добуш берген.

 

reklam