Бүгүн Кыргызстан боюнча телекөрсөтүүлөр 8 саатка өчүрүлөт. Себеби

Автор

Кыргызстан боюнча 14-ноябрда радио жана телекөрсөтүүлөр 8 саатка өчүрүлөт. Бул тууралуу “Кыргызтелекомдон” кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта профилактикалык иштер жүргүзүлөт.

“Кыргызстандын аймагында саат 8:00дөн 16:00гө чейин санариптик, мамлекеттик жана коммерциялык телекөрсөтүүлөр өчүрүлөт. Ошондой эле спутниктен теле жана радио көрсөтүүлөрдүн сигналы таратылбайт”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 14-ноябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.32 сомдон  болсо, сатуу  89.72 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89.32 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн