Бүгүн Бишкекте бош орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт

Автор

Бүгүн, 28-апрелде Бишкекте бош иш орундар жана кесиптер жармакеси өтөт. Анда 6 миңден ашуун орун сунушталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык,  жарманкесинде 10 университет, 20 кесиптик лицейлер жана окуу борборлор адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет. Айрыкча маалымат технологиялары, курулуш, тейлөө, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина ж.б.

Мектеп окуучулары кесипке багыт берүү тестинин жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн шыктары, тандап алган кесиби жана лицейлерде, колледждерде жана ЖОЖдордо окуу жөнүндө кенен маалымат ала алышат.

Жарманке ошондой эле иш берүүчүлөр менен кесиптик билим берүү мекемелеринин жолугушуусу үчүн аянтча болот.

Жарандар ишке орношуу, жумуш берүүчү менен маектешүүгө даярдануу, кесиптик билим алуу боюнча кеңештерди алышат. Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен жеринде экспресс маектерди өткөрүшөт. Белгилүү ишкерлер изденүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу боюнча мастер-класстарды өткөрөт.

Жарманке саат 10:00дөн 14:00гө чейин Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаарынын таза суу маселеси чечилүү алдында турат

Ош шаарына жаңы полигон курулат. Мындай маалыматты калаа башчысынын орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди. Ал шаарды ар тараптан өнүктүрүү максатында мэр Бакытбек Жетигеновдун аракетин белгилеп, көп жылдан бери чечилбей келген Ош шаарынын таза суу маселеси чечилүү алдында тураарын айтты. Жаңы полигон эң алгач шаардын тазалыгы үчүн шарт түзөт. Учурда долбоордун […]

Сизге жагышы мүмкүн