Бүгүн Арапа күнү. Кандай амалдарды жасоо керек?

Автор

Бүгүн, 27-июнь, мусулмандарга маанилүү күндөрдүн бири болгон Арапа күнүнө туура келет. Бул күндү кандай өткөрүү зарыл?

Ардактуу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) бул күндүн улуктугу туурасында минтип айткан:

«Арапа күнүнөн башка Алла Таала (көптөгөн) кулдарды тозок отунан азаттыкка (көп) чыгарган күн жок».

Демек, мусулмандар Арапа күнүнө өзгөчө маани бериши керек. Анткени дал ушул күнү кармалган орозо эң чоң артыкчылыкка ээ болуп, 2 жылдын күнөөлөрүнүн кечирилишине себепчи болот.

Бул кадыры көтөрүлгөн күндөрдө төмөндөгү амалдарды аткарса болот. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин Фейсбук баракчасында жазган маалыматы менен бөлүшөбүз:

АРАФА КҮНҮНҮН ЭРЕЖЕСИ

1. Арафа түнү бүгүн күн батканда башталат, эрте жатып уктаңыз!

2. Эртең менен саарлык кылуу үчүн эртерээк ойгонуңуз, саарлык убактысы Бишкек убактысы боюнча саат 03:53. Көрсөтүлгөн убакытка чейин ооз бекитиңиз.

3. Жок дегенде 4 рекет тахажжуд намазын окуңуз! Башыңызды саждага коюп дүйнө жана акырет жакшылыктарын сураңыз! Ушундай күндөргө жеткиргенине Аллахка алкыш-мактоолор айтыңыз!

4. Багымдат намазынын убагы киргенге чейин «Таң жүргөндө Аллахтан кечирим суроочу пенделерин Аллах көрүп турат» (Али Имран, 17-аят) аятындагы пенделерден болуу үчүн истигфар менен алек болуңуз!

5. Багымдат намазынын азанынан беш мүнөт мурда сиз намазга даяр болуңуз! Элестетип көрүңүз, дааратыңыздын акыркы тамчылары менен даарат алгандагы дене мүчөлөрүңүздүн баарынан күнөөлөрүңүз агып чыгып кетип жатат.

6. Даарат алып бүткөндөн соң окулчу дубаны окуңуз!

“Ашхаду аллаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лах, ва ашхаду анна Мухаммаддан ъабдуху ва росуулух. Аллохуммажъалнии минат тавваабийна важъалнии минал мутатоххирийн. Субхаанакаллохумма ва бихамдика, ашхаду аллаа илааха иллаа анта, астагфирука ва атуубу илайка” Умар ибн Хаттабтан (разияллоху анху) Имам Муслим жана Имам Термизий риваяты.

7. Багымдат намазын окуп, салам бергенден соң артынан дароо үч жолу такбири ташрикти айтыңыз!

Аллоху акбар, Аллоху акбар, Лаа илааха иллаллоху валлоху акбар Аллоху акбар, валиллахил хамд. (Арапа күнүнүн (30-июль) багымдат намазынан баштап, ташрик күндөрүнүн акыркысы (3-август) күнүнүн аср намазына чейин (жалпы 23 убак намаздын артынан) айтылат.)

8. Андан кийин жайнамазда күн чыкканга чейин Куран, таңкы зикирлер менен алек болуңуз! Күн чыгып (Бишкек шаары боюнча 30-июлда күн чыгуу убактысы 05:51) он беш мүнөт өткөндөн соң…

9. Бир ажылык жана бир умранын сообу жазылуусу үчүн “Ишрак” намазын окуңуз!

10. Сиздин эми тандоо укгуңуз бар. Эгер уктабастан бул күндү өткөрө алсаңыз, уктабаңыз! Ар бир көз ирмемди канимет билип зикир, дубалар кылыңыз! Ошондой эле кылган дубаңыздын кабыл болуусуна ишениңиз!

11. Же болбосо Аллахка ибадат кылуу үчүн күч топтоп алуу ниетинде бир сааттай уктап алыңыз!

12. Андан соң ойгонуп даарат алыңыз! Эң аз дегенде 4 рекет Зуха намазын окуңуз. Айрыкча такбир айтууну, зикир, тилават кылууну унутпаңыз! Ошондой эле төмөнкү зикирди көп айтыңыз:

«Ла илааха иллаллоху Вахдаху лаа шарийка лах, Лахул мулку ва лахул хамду ва Хува ъалаа кулли шайъин Кодийр »

13. Бешим намазын окуңуз! Такбир айтыңыз! Курандан бир аз тилават кылыңыз!

14. Бүгүнкү дуба кабыл боло турган күндө көзү өтүп кеткен жакындарыңыз жана жалпы көзү өтүп кеткен момун-мусулмандарга да Куран окуп дуба кылып коюңуз!

15. Аср намазын окуңуз! Такбир айтып кечки зикирлер жана дуба кылуу менен алек болуңуз!

16. Шам намазына бир саат калганда Куран окууну баштаңыз! Чын ыклас менен дубаларды кылыңыз!

17. «Эй, Роббим! Ушул күндүн күнү батып жатат, мени тозоктон азат болуп, бейиштик деп жазылган пенделериңдин катарына кошкун» деп дуба кылыңыз!

18. Аллах сизди салих амалдарга ылайыктуу кылсын! Дубаларыңыздын кабыл болуусуна биз да тилектешпиз!

19. Шамга азан айтылды. (Бишкек убактысы боюнча 30-июль ооз ачуу жана шам намазынын убактысы 20:29) ооз ачууну баштаңыз!

20. Бул эрежени үй-бүлөңүз, жакындарыңыз жана бейиште бирге болууну каалаган досторуңузга жеткириңиз!

Ага чейин көп дуба кылыңыз! Эсиңизде болсун, орозо кармаган адамдын дубасы сөзсүз кабыл болот!

Бөлүшүү:
Next Post

Коомчулук айрым министрлерге издөө салды

  Министрлер кабинетинин төрагасынын экс-биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) министр болуп дайындалгандан бери дайыны чыкпай кеткени, Кыргыз экономикасы тууралуу ооз ачып койбогону, кандай жумуштарды аткарып жатканы боюнча элге маалымат бербегени коомчулукта узун сабак сөз болуп жатат. Буга чейин бул кызматты мындан да жакшы аркалап жаткан Темирбек […]

Сизге жагышы мүмкүн