Быйыл Кыргызстанга 10 млн турист келери күтүлүүдө

Автор

2023-жылы Кыргызстанга 10 миллионго чейин турист келиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Маданият министрлигинин Туризм департаментинин директору Самат Шатманов билдирди.

Шатмановдун айтымында, бул өткөн жылга салыштырмалуу 45%га көп. Былтыр  өлкөгө 6.9 млн турист келген. Бирок бул бир гана чет элдик коноктордун саныбы же бул Кыргызстанда эс алгандардын жалпы саныбы, тактаган жок.

«Бизде 50гө жакын мамлекеттик курорттук-санаториялык мекемелер бар. Коронавирустук пандемиядан кийин дарылоочу жана ден соолукту чыңдоочу туризм калыбына келтирилди. Биз Ысык-Көл облусун өнүктүрүү стратегиясын иштеп жатабыз», — деди

Мындан тышкары «Биз бул багытта өнөктөштөр менен иштеп жатабыз, 25 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттерди бөлүү каралып жатат.Мен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, эксперттер менен жолугуштум. Жакында ишти баштайбыз», — деп кошумчалады Шатманов.

Бөлүшүү:
Next Post

Медведев Украинанын жоголушу тууралуу билдирүүсүн немис тилинде жарыялады

Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Польша менен Германиянын аудиториясы үчүн Украинанын жоголушу тууралуу билдирүүсүнө бөгөт койгондон кийин, бул жазуунун немис тилине котормосун Твиттерде жарыялады. “Кечээ Твиттерде Украинанын эмне үчүн эч кимге кереги жок деген постумду чектөө тууралуу айтылды. Аны 14 миллион адам окуган. Германия менен Польшанын […]

Сизге жагышы мүмкүн