reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Быйыл жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү

Son Güncelleme :

14 июня 2023 - 9:45

reklam
Быйыл жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү
reklam

2023-жылдын январь-май айларында бюджеттер аралык трансферттер боюнча Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

Теңдештирүү трансферттер боюнча 1,3 млрд сом каржыланды;

Максаттуу трансферттер боюнча — 2,7 млрд сом бөлүндү.

Анын ичинен:

Бийик тоолордун оор табигый-климаттык шарттарда жашаган жарандарды мамлекеттик колдоонун эсебинен, электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүдө 50 пайыз өлчөмүндө компенсация төлөөгө – 98, 2 млн сом бөлүндү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн (статисттерге кошумча эмгек акы) – 92,4 млн сом;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (Мамлекеттик каттоо кызматынын эмгек акысы) – 32,1 млн сом;

Бишкек шаары (бирдиктүү салык) — 2,3 млрд сом;

Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча — 117, 5 млн сом;

Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыздоого – 20 млн сом;

Чон-Алай айыл өкмөтүнө – 2 млн сом сом;

калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга– 102, 6 млн сом;

облустардагы өкүлчүлүктөрүнө -186,5 млн сом;

облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн резервдик фондуна -12,5 млн сом;

электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого – 603,9 млн сом;

райондук мамлекеттик администрацияларга – 323,7 млн сом;

райондук мамлекеттик администрациялардын резервдик фондуна -12,5 млн сом;

облустардын өнүктүрүү фонддоруна – 138,2 млн сом;

райондорду өнүктүрүү фонддоруна – 97,7 млн сом;

Баткен облусуна (өзгөчө статус) – 300 млн сом бөлүндү.

reklam