БШК Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарды

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунан депутаттыкка талапкер болгон Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди. Бул тууралуу чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынган.

Ниязалиева шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракет жасады деген бир нече билдирүү БШКга келип түшкөн.

Жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чынарбек Майлыбеков талапкер тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирди. Аны менен катар милиция Дамира Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча БШКга өтүнүч жөнөткөнүн айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Милиция күчөтүлгөн режимде иштейт

Катар Республикасынын эмири 6-7-июнда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди. Мындан улам милиция күчөтүлгөн режимде иштейт. Борбор шаардын айрым көчөлөрү жабылып, тартипти 3000 миңге жакын милиция көзөмөлдөйт. Шейх Тамин бин Хамад Ал Танинин биздин өлкөбүзгө болгон расмий зыяраты. Кечээ аны Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев Самаркант шаарында тосуп алган.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн