reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9781 % % 0.13
EURO 31,5712 % % 0.17
GRAM ALTIN 1.924,30 % % 0,01
ÇEYREK A. 3.146,23 % % 0,01
BITCOIN 1.161.113 % 1.696
Соңку кабар
reklam
Google News

Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүрүүдө

Son Güncelleme :

16 мая 2023 - 9:25

reklam
Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүрүүдө
reklam

Боом капчыгайында 16-19-май күндөрү таштарды түшүрүү жумуштары башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

«16-майдан 19-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Жумуштар ИИМдин кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө», — дешти.

reklam