reklam
reklam
hava 22° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 23,3769 % % 0.5
EURO 25,4404 % % 1.88
GRAM ALTIN 1.477,84 % % 1,85
ÇEYREK A. 2.416,26 % % 1,85
BITCOIN 629.552 % 1.028
Соңку кабар
reklam
Google News

Блогердин жоругуна Эдил Байсалов үн катты

Son Güncelleme :

31 марта 2023 - 9:24

reklam
Блогердин жоругуна Эдил Байсалов үн катты
reklam

Блогер Улукбек Карыбек уулунун кокустан кирип барып, кайсы бир ишкананы текшерүү, жетекчилерин кагып силкүү жана демитүү, суракка алуу сыяктуу көрүнүштөрү коомду дүрбөлөңгө салды. Мындан улам аталган блогердин кылык-жоругу арзан пиар катары бааланып жатат. Кечээ өлкөнүн вице-премьер министри Эдил Байсалов өздүк баракчасында Улукбек Карыбек уулун айыптап, «биз мобул өзүн-өзү интернет жылдызы кылып дайындап алган иничек-карындаштарды бир нукка салып, тартипке чакырышыбыз керек деген ойдомун», — деген сунушун киргизди. Ал андан ары «өкмөт сөзсүз түрдө мындай чектен чыккан көрүнүштөргө чара көрөт», — деп жазган.

reklam