Бишкек — Ош жолу бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды

Автор

Бишкек — Ош жолунун 81-чакырымы (“Сосновка” посту) эки тарабынан тең автоунаанын бардык түрү үчүн убактылуу жабылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Ушу тапта аталган аймакка кар жаап, катуу шамал болуп жатат.

Маалыматта жолчулар трассаны кардан тазалап, кум-туз аралашмасын сээп жатканы айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Орозо айт майрамы 21-апрелде белгиленет

Быйыл Орозо айт 2023-жылдын 21-апрелинде белгиленет. Бул тууралуу   муфтияттан билдиришти. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот. Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн