Бишкек мэринин жаңы орун басары дайындалды

Автор

Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, Кадыров Азамат Кадырович Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жерди пайдалануу маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.

Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Бөлүшүү:
Next Post

Газанын башкы ооруканасы иштебей калды

Газанын кеминде 2300 адамы бар негизги ооруканасында толугу менен электр жарыгы өчүрүлгөн.  ДССУ бул кооптуу абалга алып келеринен тынчсызданууда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Газанын негизги медициналык мекемеси болгон Аль-Шифа ооруканасында электр жарыгы дээрлик толугу менен өчүп, тамак-аш жана суу тартыштыгы жаралып жатканын билдирди.  “Тынымсыз аткылоо жана жардыруулар ансыз […]

Сизге жагышы мүмкүн