Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Автор

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бүгүн, 18-майда жакынкы бир саат аралыгында шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды жеке коопсуздук жана материалдык чыгымдарга алып келүүчү кырсыктын алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо менен этият болууга чакырат.

“Кырсык болгон учурда “112” номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта”, – деп белгилешти ведомстводон.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент 16 депутат менен жыйын өткөрүп жатат

Бүгүн, 18-майдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 16 депутат катышып жатат. Жыйынды вице-спикер Жамила Исаева алып барууда. Жыйынга катышып жаткан депутаттар округдардын маселелерин Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытовго маалымдашууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн