Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мобилдик аппараттык-программалык системалар иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, бул иш-чара жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулардын ылдамдыкты жогорулаткандыгы үчүн жоопкерчилигин күчөтүү максатын көздөйт.
“Буга чейин аппараттык-программалык комплектер жайгашкан жолдордо атайын эскертүүчү белгилер орнотулган”, – деп айтылат маалыматта.
Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарды кыдырат
Жум Мар 17 , 2023
Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарды кыдырат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрү 22-31-март аралыгында аймактарда шайлоочулар менен иш алып барышат. Мындай чечим 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынып, бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому жактырылды. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/deputattar-1.png)