Бишкек-Жалал-Абад каттамы күн сайын аткарылат

Автор

Бишкектен Жалал-Абадга каттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-марттан тарта ата мекендик «Тез Жет»  авиакомпаниясы тарабынан Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. Учуулар жумасына 7 жолу (күнүгө) аткарылат.

Эске салсак, буга чейин аталган багыт боюнча каттамдар жумасына 4 жолу  — дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылып келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутатты мандатынан ажыратуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун “Золотой Дракон” ресторанында мушташкан жана белгисиз жигитти өлөрчө сабаган видеосу тарады. Социалдык тармак аркылуу жарандар бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, депутаттын жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштарын билдиришти. Айрым активисттер аны мандатынан четтетүү маселесин көтөрүшүүдө. Таяк жеген жигит аталган ресторандын коопсуздук кызматынын өкүлү болуп чыкты. Азыр анын ооруканага жаткырылганы […]

Сизге жагышы мүмкүн